Индия Кыргызстанга онкологиялык ооруларды дарылоодо колдонулуучу жабдык берет

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Индия Кыргызстанга онкологиялык ооруларды дарылоодо колдонулуучу "Сиддхарт II" жабдуусун берет. Бул тууралуу Индиянын элчилигинде Республиканын 77 жылдыгына арналган кабыл алууда айтылды.
Бул жабдык Кыргызстандагы онкологиялык кызматтын техникалык базасын күчтөнтөт.
"Эки тарап биргеликте ырааттуу тездеткичти орнотуу үчүн керектүү процедуралардын үстүндө иштеп жатат. Аны менен катар керектүү курулуш иштери да жүргүзүлүүдө", — деп билдиришти элчиликтин өкүлдөрү.
Ошондой эле жакын арада Улуттук онкология жана гематология борборуна мурун белекке берилген Bhabhatron II аппаратынын кобальт-60 булагы алмаштырылат.
Кыргызстанга гепатитке каршы 250 миң доза вакцина келди