БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда алиментти узак убакыттан бери төлөбөй келген жарандан 940 миң сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун тургуну ай сайын кирешесинин жарымын алимент катары төлөөгө милдеттүү болгон. Сот аткаруучулары топтолуп калган карызды өндүрүп, каражатты алуучуга өткөрүп беришкен.
"Мажбурлап аткаруу чараларынын натыйжасында көрсөтүлгөн сумма толугу менен өндүрүлүп, мыйзам талаптарына ылайык, өндүрүп алуучуга которулду", — деп белгилешти кызматтан.
Буга чейин Башкы прокуратура алимент төлөбөгөндөрдү мажбурлап ишке орноштурууну караган мыйзам долбоорун даярдаган. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизүү сунушталууда.