БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгына ылайык, калктын бийликке болгон ишеним индекси 46,2 баллга жетип, тарыхый рекорд койгонун Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында белгиледи. Бул тууралуу минкабдан билдиришти.
Касымалиевдин айтымында, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 18 пайызга көп. Акыркы жылдары өлкөдө ишке ашырылып жаткан терең социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн сапаттык жактан жогорулашын жана алардын коомдун талаптарына багытталгандыгын ачык көрсөтүп турат.
"Индекстин мындай олуттуу өсүшү Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий курска жана анын командасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасына калктын жогорку ишениминин түздөн-түз далили болуп саналат", — деп белгиледи өкмөт башчы.
Ал мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө "иштин темпин басаңдатпоону" тапшырды.
Улуттук статистика комитети мындай мониторингди ар жарым жыл сайын жүргүзөт. Ал Кыргызстандын бардык аймактарын камтып, коомдогу маанайдын өзгөрүшүн жана жарандардын мамлекеттик органдардын ишмердигине болгон ишеним деңгээлин баалоого мүмкүнчүлүк берет.