БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Белгилүү уз, "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун түптөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова 48 жаш курагында дүйнөдөн өттү.
Маркумдун жакындары анын оору менен алышып келгенин билдиришти.
Кыргыз улуттук кийиминин адиси Айдай Асангулова 1978-жылы 15-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында жарыкка келген.
2001-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин сүрөтчү-конструктор адистиги боюнча аяктаган. "Бүкөн" студиясында арт-директор болуп, кийиз менен иштеп, андан жасалган аксессуарлар менен кийимдерди AIDAI бренди менен чыгара баштаган.
2011-жылдан баштап "Кийиз дүйнө" коомдук фондун жетектеп, Кыргызстандын маданий мурасын сактап, жайылтууда эбегейсиз эмгек өтөгөн.
Бул убакыт аралыгында Асангулова салттуу тиричилик буюмдарын жана кыргыз улуттук кийимдерин реконструкциялоо боюнча бирден-бир экспертке айланып, бир катар долбоорлорду жетектеди. Кыргыз кийимдерин, белдемчи, калпак, элечек сыяктуу баш кийимдерди, ошондой эле аларга байланышкан билимди кайра жандандырууга чоң салым кошту.
Ал "Дарак ыры" мюзиклинде, "Куурай, куурай" көркөм тасмасында костюм боюнча сүрөтчү болуп, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасына катышкан. Ошондой эле "Супара" интерактивдүү музейинин концепциясын иштеп чыгып, калпак менен элечекти ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү боюнча демилгечилердин бири болгон.
Sputnik Кыргызстан редакциясы менен "Кийиз дүйнө" фонду биргеликте кыргыз салттуу кийимдерине байланышкан чоң долбоорду ишке ашырышкан.
Айдай Асангулованын эмгектери ЮНЕСКОнун Сапат белгиси менен бир нече жолу белгиленип, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларда коюлуп келет.
Маданиятты жана кол өнөрчүлүк искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ал "Курманжан Датка" медалы, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин жана президентинин Ардак грамоталары менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги ардактуу наамына ээ болгон. Ошондой эле "Соң-Көл" коллекциясы үчүн Кыргызстандагы Мода жумалыгынын баш байгесин утуп алган.
Кыргыз маданиятын сактоо жана өнүктүрүү багытында чоң мурас калтырган маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.
Sputnik Кыргызстан Айдай Асангулованын балдарына, ата-энесине, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.