Бишкекте батирлердин баасы декабрь айында канчага кымбаттаганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Былтыр батирлердин баасы орто эсеп менен 23,8 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси Аман Кебеков билдирди.
Анын айтымында, январь айында турак жайдын орточо баасы 1 чарчы метри үчүн 102 миң сомду (1170$), ал эми декабрда 126,3 миң сомду (1440$) түзгөн.
"I кварталда баалар туруктуу өсүп, 1,4 пайызды түздү. Февраль, мартта өсүш 1,9% болду. Апрелде 0,6%га чейин төмөндөп, май айында кайрадан 1,7 пайызга жетти. Сентябрда 11,8%дык кескин кымбаттоо болду. Бирок бул сезондук фактор. Октябрда баалар 9,5 пайызга төмөндөп, декабрда кайрадан 18,4%га секирик жасады. Жыл ичинде баа улам өзгөрүп турса да туруктуу өсүш тенденциясы бар", — деген ал "Биринчи радионун" эфиринде.
Ошондой эле жер тамдын баасында да олуттуу өсүш байкалган. Мурдагы жылы 1 чарчы метринин баасы орточо 1 396 долларды түзсө, былтыр бул көрсөткүч 1 770 долларга жеткен.
Буга чейин аталган агенттиктин дагы бир адиси ушул жылдын II кварталында батирлердин баасы төмөндөшү мүмкүн деген божомолду айткан.
Үй алууга пенсиялык топтомду бир нече ирет колдонууга уруксат берүү сунушталды