БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ президентинин администрациясы жылдын аягына чейин Кубадагы бийликти алмаштырууга ниеттенип, ылайыктуу адамдарды издөө менен алек болууда. Бул туурасында Wall Street Journal басылмасы бул иштен кабары бар адамдарга шилтеме кылып жазды.
"Венесуэланын президенти Николас Мадуронун бийлигин жок кылганга шаңданып алган Трамптын администрациясы жыл аягына чейин Кубадагы коммунисттик бийликти кулатууга көмөктөшө турган өкмөткө жакын адамдарды караштырып жатат", — деп жазылган анда.
Январь айынын башында АКШнын Мамлекеттик департаменти Батыш жарым шарын Вашингтондун кызыкчылык аймагы деп жар салган. Андан мурдараак Трамп Монро доктринасын унутпоого чакырган. Бул доктрина Америка континентин башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсү үчүн жабык аймак деп жарыялайт. Тагыраагы, аталган континентке башка ири державалар аралашпашы керек деген позиция.
Венесуэладагы аскердик операциядан кийин Трамп Кубанын жетекчилигин опузалоого өттү. Ал аралдагы бул мамлекет коопсуздук кызматтары үчүн кенемте катары венесуэлалык мунайды мындан ары ала албай калат деп сөөмөй кезеген.