"Мурда кирүүгө мүмкүн эмес эле". Мэр Жунушалиев саркынды суу тазалоочу жайга барды

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв.— Sputnik. Борбор калаанын башчысы Айбек Жунушалиев "Бишкек суу каналдын" саркынды суу тазалаган жайына барып, видеокомментарий жасады.
Ал мурда сууну кол менен, тагыраагы, айры менен тазалоого туура келсе, азыр атайын жабдуулар автоматтык түрдө ишти аткарып жатканын көрсөттү.
1 / 2

Борбор калаанын башчысы Жунушалиев "Бишкек суу каналдын" саркынды суу тазалаган жайына барып, анын кантип иштегенин көрдү

2 / 2

Ыплас сууларды тазалоочу жайдын имараты вьетнамдык инвесторлордун көмөгү менен реконструкцияланууда

"Мурда жыттан улам бул жерге кирүүгө мүмкүн эмес болчу, айры менен ылгап, тазалашат эле. Эми жыттын бардыгы дароо кетип, тазаланып калып жатат", — деди мэр.
Ыплас сууларды тазалоочу жайдын имараты вьетнамдык инвесторлордун көмөгү менен реконструкцияланып жатканын айтты.
Инвестициянын көлөмү 56 миллион доллар болуп, чет элдиктер аталган объектини жылдын соңуна чейин ишке берүү пландап жатканын кошумчалады.
Бишкекте таштанды өрттөгөн завод ишке кирди. Видео