Ага жети мамлекеттин: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын жетекчилери кол коет. Ошол эле жылы Уставга Азербайжан менен Грузия, 1994-жылы Молдова кошулат. Ошентип булар КМШга мүчө өлкө болуп эсептелет. Украина менен Түркмөнстан шериктештикке кирген өлкө катары саналат, бирок кол коюшкан эмес.
Киев уюмдун башкы милдети экономикалык кызматташтык деп эсептеп, бирок "жалпы мейкиндиктеги" (төлөм, бажы, валюта) долбоорлорду колдоодон баш тарткан. Ал эми Ашхабад нейтралитеттик саясатты кармаган.
Мүчөлөрү макул болсо КМШга каалаган өлкө кирет алат. Шериктештиктин алкагында 1995-жылы ЖККУ, ал эми 2015-жылы ЕАЭБ түптөлгөн.
Грузия уюмдан 2009-жылы чыкса, 2018-жылы Украина мүчөлүгүн де-факто токтоткон.
Учурда Молдова шериктештиктен баш тартууга камынып жатат. Уставдын 9-беренесинде ал үчүн 12 ай мурда кете турган өлкө уюмга кабарлашы зарылдыгы жазылган. Аны менен катар эле мамлекет КМШга мүчө болуп жүргөн мезгилдеги милдеттерин толук аткарып, анан кетиши керек.