Понары трагедиясы. 1942-жылдын башында улутчулдар менен аларга жагынып, жардам берген жергиликтүү жашоочулар вильнюстук 60 миң еврейди кырып салган. Тарыхта алардын төрттөн бири гана өлбөй калганы айтылып келет. Элди Панеряй токоюнда атышкан. Гитлерчилер кармап келген ар бир адам үчүн жергиликтүү "активисттерге" 10 рублден төлөп беришкен.
Каршылык манифести. 1942-жылы 1-январда Абба Ковнер аңыз болуп калган чакырыгын элге жазуу жүзүндө тараткан.
"Бизди кой сымал касапканага алып бара алышпайт! Гитлердин Европадагы бардык еврейлерди жок кылуу ниети бар", — деген ал.
Үч жумадан кийин жаштардын топтору партизандардын бириккен уюмуна кошулуп, ага Ицхак Виттенберг жетекчилик кылган.
Көтөрүлүш жана жарылуу. Жашыруун иштегендер курал-жарак чогултуп, саботаж да кылышкан. 1943-жылы сентябрда геттону жок кылып жатканда нацисттерди ок менен тосуп алышкан. Күрөштү улантуу үчүн алар курчоодон жалгыз жол — канализация аркылуу чыгып кетишкен.
Уюмдун тирүү калган мүчөлөрү Рудницкий токоюндагы советтик партизандарга кошулат. 1944-жылы июлда еврей отряддары кызыл армиячылар менен ийиндеше туруп Вильнюсту камалап, курчап алышкан. Нацизмди эрдик катары даңктап жаткан азыркы Литвада геттонун каарман күрөшчүлөрүнүн эр жүрөктүүлүгү эскерүүгө ыңгайсыз болгон чындык катары кабылданып калды. Бул жерде чындыгында ким канкорлук кылып, ал эми ким бошотууга умтулганын тереңирээк караш керек.