Мэр коомдук транспортто жол кире көтөрүлүшү мүмкүндүгүн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында коомдук транспортто жүрүү тарифтери каралышы мүмкүн. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, шаарда айдоочулар жетишсиз. Ошондуктан алардын айлык маянасын жогорулатуу маселеси каралууда.
"Эгер айлык жогоруласа, коомдук транспортто жүрүү акысынын өзгөрүшү да каралышы мүмкүн", — деди Жунушалиев.
Ошондой эле мэр быйыл шаарга 634 жаңы автобус келерин белгиледи. Булардын көлөмү кичирээк болуп, борбор калаага жаңы кошулган аймактарга каттайт.
Кыргызстандын сегиз шаарында автобус үчүн өзүнчө тилке түшөт