Финляндиянын ТИМ жетекчиси: Давостогу форумда Украинага көңүл бурулбай калды

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен Давостогу форумда Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу темасы дээрлик көтөрүлбөй жатканын билдирди. Бул тууралуу Iltalehti фин гезити жазды.
Валтонен муну башка эл аралык маселелерге, анын ичинде АКШнын Гренландияга болгон дооматтарына өзгөчө көңүл бурулуп жатканы менен байланыштырды. Ал күн тартиби өзгөрүп кетиши толук мүмкүн экенин белгиледи.
"Бул — тобокелдик эмес, реалдуулук. Ачык айтсам, кыжырды келтирет. Мен Давоско Украина маселесин жана негизинен Европа үчүн тынчтыкты кантип калыбына келтирсе болорун талкуулоо үчүн келгем", — деди министр.
Валтонен белгилегендей, Гренландия боюнча кырдаал Украинадагы абалды жөнгө салуу маселесин экинчи планга жылдырды, анткени НАТО мүчөлөрүнүн арасында пикир келишпестик күчөдү.
"Өтпөй турган кызыл чекке жакындап калганыбызды АКШдагы өнөктөштөргө жана америкалык элге кантип жеткиребиз деген суроо жаралууда", — деди ал.
Дүйнөлүк экономикалык форум Швейцариянын Давос шаарында 19-январда башталган, жыйын 23-январга чейин созулат.
Макрон европалыктарды АКШдан коргонууга чакырды