"Жыл сайын Жогорку Кеңеште Акыйкатчы институту баяндама жасап, анын негизинде токтом кабыл алынат. Көрсөтүлгөн сунуштарды мамлекеттик органдар аткарууга милдеттүү. Акыркы баяндамада жалпы 98 сунуш берилген, анын ичинен 43ү токтомго киргизилген. Калган сунуштар мамлекеттик органдар тарабынан толук аткарылган. Натыйжада жалпы иштердин аткарылышы 68 пайызды түздү. Буга чейин бул көрсөткүч 20 пайызга да жетчү эмес. Муну менен бүгүнкү күндө биз тараптан берилген актыларга мамлекеттик органдар көңүл буруп жатат десем болот. Тактап айтканда, аларда Акыйкатчы институтунун милдеттерине карата түшүнүк пайда болуп, кайрылууларыбыз эске алынууда. Ошондой эле биз жөнүндө жарандардын да маалымдуулугу жогорулады. Жыл сайын Акыйкатчы институтуна 8 000-10 000 арыз түшүп, алардын ичинен үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан фактылар курч бойдон калууда. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү социалдык тармактар жана 115 кыска номери аркылуу түшөт", — деди Жаманбаева.