Фицо ЕБди дүйнө лидерлери эмнеге олуттуу кабыл албай жатканын түшүндүрүп берди

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Европанын акылга анча сыя бербеген климаттык максаттарынан жана өзүнө өзү зыян кылган миграциялык саясатынан улам дүйнө лидерлери бул биримдикти олуттуу кабыл албайт. Мындай пикирин Словакия өкмөтүнүн башчысы Роберт Фицо айтканын РИА Новости жазды.
Ал Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен телефондон сүйлөшүп, 17-январда Флоридада АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолукканын айтып берген.
Премьер АКШ ырааты менен өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоп, талаптарын коюп келе жатканын, ал арада алыска кете албаган климаттык жана миграциялык саясатынан улам Евробиримдик дүйнөлүк аренада салмагын жогото баштагандыгын белгилеген.
Фицо Еврокомиссия менен ЕБге мүчө мамлекеттердин лидерлерине ачык кат жолдой турганын билдирди. Ал эми Мерцке аймактагы мындай кырдаалдан чыга турган вариантты сунуштап, Словакиянын экономикасы Германияныкына караганда эркин экенин баса белгилеген.
Евробиримдик Россияга каршы санкциясы менен туңгуюкка кептелиши мүмкүн