Бишкектеги спорт сарайы баштан-аяк реконструкцияланат

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайы баштан-аяк оңдоло турганын шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында реконструкция иштерин муниципалитет жүргүзөт, имараттын сырткы көрүнүшү менен бассейн сакталып калат. Шаар башчысы бул боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи.
"Спорт сарайын көп функционалдуу жайга айлантабыз. "Жаштык арена" сымал болот", — деди Жунушалиев.
Эскерте кетсек, имарат 1974-жылы курулган.
Мэрия Бишкекке кошулган конуштар беш жылда кандай өнүгөрүн айтты