БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районундагы Спартак айылында Volkswagen Passat өрттөнүп, ичинен 16 жаштагы кыз менен уландын сөөгү табылганын редакциянын маалымат булактары билдирди.
Чүйдүн Москва районунда автоунаа өрттөнүп кетти
© Фото / соцсети
Алдын ала кабар боюнча, кыз арткы, жигит алдыңкы орундукта отурган. Өрт машинадагы зымдардын тийишүүсүнөн келип чыкканы айтылды.
Кырсык бүгүн түнү болгон. Милиция окуяны териштирип жатат.