БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы бир нече күндүн ичинде күйүүчү-майлоочу май куюучу жайлар түйүнүндө баа эки сомго төмөндөдү.
19-январдын таңына карата баалар:
АИ-92 — 74,4 сом
АИ-95 — 79,4 сом
Дизель — 78,8 сом
Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы баалардын түшүшүн россиялык мунай иштетүүчү заводдордун декабрдын аягында дүң бааны төмөндөтүп, калган запастарын сатып түгөтүшүнө байланыштуу болгонун билдирген.