Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты башталды

Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкекте 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы (U20) хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнирдин ачылышында Кыргызстандын жаштар курама командасы менен Гонконг (Кытай) командасынын ортосунда алгачкы беттеш өтүп, жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы 4:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Ачылыш аземи концерттик программа менен коштолуп, андан соң чемпионатка катышып жаткан улуттук курама командалардын салтанаттуу параддык жүрүшү өттү.
"Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Казыбек Молдажиев, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин төрагасы Умбеталы Кыдыралиев, Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин мүчөсү Франц Рейндл, Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов, ошондой эле спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар катышты", – деп айтылат маалыматта.
Байсалов мындай эл аралык мелдештер спорт аркылуу достукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн жана жаштарга баалуу тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Ошондой эле катышуучуларга калыс оюн, жогорку спорттук дух жана унутулгус беттештерди каалады.
Хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты 24-январга чейин уланат. Турнирге Кыргызстандын, Мексиканын, Люксембургдун, Түштүк Африканын, Ирандын жана Гонконгдун (Кытай) курама командалары катышууда.
Жапаров ийгилик жараткан хоккейчилерге 600 миң сомдон берип куттуктады