БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкекте жигит сүйлөшкөн кызын муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган, бирок кыз качып кутулган. Милиция аны өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан учурда кармаганын Sputnikагенттигине маалымат булактар кабарлады.
Ага ылайык, окуя 15-январда болгон. Жигит менен кыздын ортосунда уруш чыгып, жигит кызды шаардын сыртына алып чыккан.
Маалыматты Свердлов РИИБ тастыктап, мекеменин маалымат кызматы киши Жумабек көчөсүндө кызды күч менен унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетип, өлтүрүүгө аракет кылганын билдирди.
Факт боюнча “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 23 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.