СССРдин жетекчиси Никита Хрущев Германиянын Социалисттик бирдиктүү партиясынын Берлинде өткөн VI съездинде бул курал тууралуу жарыя кылган.
Ал кабарга чейин Америка Кошмо Штаттары өзүн термоөзөктүк курал боюнча монополист деп эсептеп келген. Бирок алардын "Иви Майк" (Ivy Mike) водород бомбасы үйдүн көлөмүндөй болуп, советтик РДС-6с — учактан таштаса болчудай чакан куралга караандабай калган.
1963-жылдагы бул окуя өзөктүк курал боюнча тараза ташын СССР жакка оодурду. Дүйнө кадимкидей сестенип, мындай куралдын артынан кууп жүрүп отургандарды олуттуу ойго салды.
1963-жылдын 5-августунда СССР, АКШ жана Улуу Британия абада, космосто жана суунун алдында өзөктүк куралдарды сыноого тыюу салган дүйнөдөгү биринчи макулдашууга кол койгон.