БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 1–1,5 сомго арзандады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов билдирди.
Анын айтымында, декабрдын аягында Россиянын мунай иштетүүчү заводдору калдыктарды сатып түгөтүү максатында дүң бааны төмөндөтүшкөн.
Ошондой эле Эшатов жакынкы күндөрү өндүрүүчүлөр жаңы баа көрсөткүчтөрүн жарыялайт. Мындан улам күйүүчү майдын мындан аркы баасы кандай өзгөрөрүн алдын ала болжолдоо мүмкүн эместигин белгиледи.