23 адам ууланган тез тамактануучу жайга айып салынып, убактылуу жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Адамдар ууланган "Даамдуу" тез тамактануучу жайы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Республикалык инфекциялык ооруканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, уулангандардын саны 17ден 23кө өстү. Аталган тамактануучу жайга текшерүү жүргүзүлүп, шаурманын курамындагы азыктар, ашкана шаймандары, ошондой эле даяр тамактын калдыктарынан лабораториялык изилдөөлөр үчүн анализ алынган. Кафенин кызматкерлери ичеги-карын инфекцияларын алып жүрүүчүлүккө текшерилген.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, тамактануучу жайдын ээсине 41 миң сом айып салынып, иши токтотулган.
Эскерте кетсек, 15-январда Бишкектеги "Даамдуу" тез тамактануучу жайында 17 адам шаурмага ууланып ооруканага жаткырылган. Алардын төртөө — балдар.
Эпидемиологиялык иликтөө улантылууда. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары алынганда кошумча маалымат берилет.
Тамакка ууланып калбаш үчүн биле жүрчү эрежелер