Бишкекте шаурмага ууланган 17 адам ооруканага жаткырылды

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкекте шаурмага ууланган 17 адам ооруканага жаткырылды, алардын төртөө балдар. Бул тууралуу редакцияга Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
Бейтаптар "Даамдуу" тез тамактануучу жайынан шаурма жешкен.
Аалиев уулангандар түштөн кийин кайрылып баштаганын, кечинде алардын саны өскөнүн билдирди.
"Абалдары ар кандай, айрымдары көп суюктук жоготкон. Оор абалдагылар жок", — деди ал.
Дарыгер тиешелүү материалдар жана анализдер изилдөөгө жөнөтүлөрүн кошумчалады.
"Даамдуу" тез татым жайынан былтыр дагы шаурмадан 24 киши ууланган болчу.
Радио
Журупова: майрамда тамак-ашты эрежеси менен сактоо маанилүү