Тендердин "Т" тамгасы да калбашы керек. ЖК төрагасы системаны жоюуну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин жыйынында тендер системасын жоюуну сунуштады.
Спикер мындай системанын айынан курулуштун баары кармалып жатканын айтып, өкмөткө тендерди жоюп, түз сатып алуу боюнча мыйзам долбоорун тез арада даярдоону сунуштады.
"Тендердин "Т" тамгасы да калбашы керек. Кечээ президент менен сүйлөштүм, жыйынтыгында мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, тендер дегенди таптакыр жок кылуу керек деген бүтүмгө келдик", — деди ал.
Кандай гана реформа болбосун жегичтер жолун табат. Тендер боюнча эксперттин маеги