Министрлик сабактан калган студенттерге айып салууну токтотууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында студенттерден акча өндүрүү практикасын токтотууну сунуштады.
Ведомство бул демилге окуу сабактарын же өндүрүштүк практиканы калтыргандыгы үчүн студентке айып салуу практикасын бардык билим берүү уюмдарында (менчик формасына карабастан) колдонулбашы керек деген позицияны камтый турганын белгилеген.
Негизги максат — билим алуучулардын укуктарын коргоо, окуу тартибине карата адилеттүү жана бирдиктүү мамилени камсыз кылуу.
"Студенттерге карата каржылык жазанын ордуна академиялык мүнөздөгү альтернативдүү чараларды колдонууну сунуштайбыз", — деди министрлик.
Бул демилгени ишке ашыруунун алкагында ведомство жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин демилгелемекчи.
Кыргызстандык студенттердин спектакли ГИТИСте көрсөтүлдү. Сүрөттөр