БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Венесуэладагы операциядан кийин АКШнын Россияны Украинадагы аракеттери үчүн сындаганга акысы жок. Бул тууралуу америкалык журналист Такер Карлсон өзүнүн соцмедиадагы видеосунда билдирген.
"Эми мындай аргументиңерди бетке кармай албайсыңар. Россия сыяктуу улуу державанын өзүн-өзү коргогону туурабы? Учурда биз карманып жаткан эрежелер боюнча туура болуп чыкты", — деди журналист.
Карлсондун айтымында, АКШ Венесуэланын Кытайга мунай жеткирүүсүн токтотуу үчүн бастырып кирген. Бул ачык айтыла турган болсо, Вашингтон Россия өзүн коргоо үчүн туура кадамга барганын моюндоого аргасыз болмок.
2026-жыл башталары менен, тагыраагы, 3-январда Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. АКШ бийлигинин версиясы боюнча, алардын "баңгизат террорчулугуна" тиешеси бар. Соттун биринчи отуруму Нью-Йоркто өтүп, Мадуро менен жубайы аларга тагылган айыптарды четке кагышкан.
Ал арада Дональд Трамп Вашингтон Венесуэладагы мунайды сатуудан жүздөгөн миллиард же триллиондогон доллар табарын билдирди. АКШ Венесуэланы канча убакытка чейин көзөмөлдөй турганын тактаган жок, бирок бир жылдан ашык убакытка созулушу ыктымалдыгын белгиледи.
Венесуэланын ыйгарым укутуу президенти болуп Дельси Родригес дайындалды. Ал буга чейин өлкөнүн вице-президенти кызматын ээлеп турган. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, АКШнын чабуулунан өлкөдө 100 адам каза болду.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө чакырган.