Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Бир кезде кыргыз жараны болуп, кийин башка өлкөнүн жарандыгын алгандарга Кыргызстанга визасыз кирип-чыгуу укугун берүү сунушталууда. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылып, парламенттин сайтына жарыяланды. “Документ жарандыгын алмаштыргандарга өлкөдө каалашынча жүрүп, кирип-чыгып жана транзит менен тоскоолдуксуз өтүүгө шарт түзөт”, — деп айтылат мыйзам долбоорунда. Мында алар миграциялык мыйзамдардын жана чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалынын талаптарын сактоого тийиш. Кирүү жана жүрүү тартиби министрлер кабинети тарабынан белгиленет.
Кыргызстандын экономикасы 2026-жылы ички суроо-талаптын, инвестициялардын жана мамлекеттик чыгымдардын эсебинен өсүшүн улантат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын улук экономисти Бакыт Дубашов билдирди. Анын айтымында, экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы — ички экономиканы стимулдаштыруу болот. Айрыкча, жеке керектөөнүн көбөйүшү, инвестициялардын өсүшү жана мамлекеттик чыгымдардын кеңейиши күтүлүүдө. "Биздин божомолдор экономикалык активдүүлүк негизинен ички факторлор аркылуу колдоого алынат деген негизге таянат. Реалдуу сектордо өсүштү өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактары камсыздайт", — деп белгиледи Дубашов. Дүйнөлүк банктын баалоосуна ылайык, 2026-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи болжол менен 6,5 пайызды түзүшү мүмкүн.
Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов 400 миң сом айыпка жыгылды, ал эми анын орун басары Ислам Кыдыргычевге 300 миң сом айып пул салынды. Ленин райондук соттун чечимине ылайык, алар "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Экс-жетекчилер 2024-жылы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен мыйзам бузууларга барган деген шек менен кармалышкан. Абдувапов менен Кыдыргычев атайын наамдарынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан да ажыратылды. Буга чейин Камчыбек Ташиев Салык кызматынын башчысы болуп иштеген адамдан 55 миллион долларга бааланган мүлк табылганын билдирген. Ошол эле учурда ал салык системасында 10 жылдан ашык иштеп, жеке структураларда эмгектенбегенин жана бизнеси жок экенин айткан.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы башаламандыктын катышуучуларына колдоосун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Ирандын патриоттору, нааразычылык акцияларын уланта бергиле... Бийлик институттарын басып алгыла. Жардам жакында барат“, — деп жазган ал Truth Social социалдык баракчасына. Муну менен бирге АКШ лидери митингчилерди өлтүрүп, аларга каршы зомбулук жасагандар “жооп берерин” белгилеген. Иранда нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрында улуттук валюта риалдын девальвациясынан кийин башталды. 1979-жылы тактан кулатылган Иран шахынын уулу Реза Пехлевинин чакырыгынан соң өлкөдө каршылык акциялары күчөгөн. Өлкөнүн бир катар шаарларында митингчилер полиция менен кагылышып, Ирандын саясий түзүлүшүнө каршы ураандар менен коштолгон. Эки тараптан тең адамдардын өлгөнү айтылууда. Иран бийлиги башаламандыктарды уюштурууга АКШ менен Израилди айыптап жатат.