БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы башаламандыктын катышуучуларына колдоосун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Ирандын патриоттору, нааразычылык акцияларын уланта бергиле... Бийлик институттарын басып алгыла. Жардам жакында барат“, — деп жазган ал Truth Social социалдык баракчасына.
Муну менен бирге АКШ лидери митингчилерди өлтүрүп, аларга каршы зомбулук жасагандар “жооп берерин” белгилеген.
Иранда нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрында улуттук валюта риалдын девальвациясынан кийин башталды. 1979-жылы тактан кулатылган Иран шахынын уулу Реза Пехлевинин чакырыгынан соң өлкөдө каршылык акциялары күчөгөн. Өлкөнүн бир катар шаарларында митингчилер полиция менен кагылышып, Ирандын саясий түзүлүшүнө каршы ураандар менен коштолгон. Эки тараптан тең адамдардын өлгөнү айтылууда. Иран бийлиги башаламандыктарды уюштурууга АКШ менен Израилди айыптап жатат.