Кийим тигүү жана текстиль өнөр жайы үчүн салыктык жеңилдиктер берилет

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстанда тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъектилери үчүн киреше салыгынын ставкалары жана камсыздандыруу тарифтери төмөндөтүлдү.
Салык кызматы билдиргендей, 2030-жылдын 1-январына чейин бул тармактагы бардык субъектилер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдиктүү ставкалары орточо айлык акынын 12-40 пайызы өлчөмүндө белгиленди. Ал эми киреше салыгынын минималдуу ставкасы бир пайызды түздү.
Жыл башынан тартып ишкерлер ар бир кызматкер үчүн 2 115,5 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмүн жана 440,7 сом өлчөмүндө киреше салыгын төлөшөт. 2026-жылга карата орточо эмгек акы 44 070 сом деп белгиленген.
Буга чейин Садыр Жапаров салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларын өзгөртүүгө кол койгон.
Зергерлер менен тигүүчүлөргө жеңилдик берилет. Садыр Жапаров жарлыкка кол койду