Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 1 ай ичинде акысыз алмаштырууга болот

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, жарандар күбөлүктөрүн 15-январдан 15-февралга чейин акысыз алмаштыра алат.
Эскерте кетсек, айдоочулук күбөлүктү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн алмаштыруу кызматы өткөн жылдын 17-ноябрынан тарта жеткиликтүү болгон.
Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана менчик мектеп ачуу жеңилдеди