БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети иши 5-6 саатка созулган, жумушу оор кызматкерлердин тизмесин бекитти.
Ага ылайык, иш күнү алты саатка созула турган медиктерге инфекциялык, кургак учук жана психиатриялык оорулар менен түз иштегендер, реабилитациялык борборлордун жана физиокабинеттердин кызматкерлери, патологоанатомиялык кызматтардын, тез жардам станцияларынын, кан борборлорунун, лабораториялардын, дарыканалардын жана фармацевтикалык өндүрүштөгү жумушчулар кирет.
Мындан сырткары, соттук-медициналык экспертизанын адистери, радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануу булактары менен иштеген кызматкерлер, социалдык мекемелердин, үй-интернаттардын жана балдарга арналган адистештирилген мекемелердин жумушчулары да тизмеге кошулду.
Өзгөчө коркунучтуу инфекциялар, өлүктүн материалдары жана радиация булактары менен түз иштеген айрым кызматкерлер үчүн беш сааттык жумуш күнү белгиленди.