Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?

Sputnik
Жаңы жылдык майрамдан кийин адамдын организми жана психологиялык абалы калыбына келүүгө муктаж болот. Узак эс алуу маалында эркин графикке жана жай турмушка көнүп калгандар үчүн мурдагы жумуш ритмине кайтуу стресс жаратат. Башкача айтканда алсыроо, көңүл чөгүү жана тынчсыздануу болушу мүмкүн. Адистер мындай өзгөрүүлөрдү нормалдуу көрүнүш деп эсептешет. Абалды жеңилдетүү үчүн өзүнө ашыкча талап койбой, ишке акырындык менен кирүү керек.
Ошондой эле туура тамактануу режимин сактап, бул күндөрү куурулган, туздалган жана тез даярдалуучу тамактардан, газдалган суусундуктардан баш тарткан дурус. Ал эми уйку режимин сактоо жана жеңил кыймыл аракеттерди жасоо жумуш күндөрүнө оңой кайтуу менен психиканын тең салмакта болушуна жардам берет.
Бул тууралуу кененирээк “Көз мончок” программасынан тыңдаңыздар.