Быйыл Кыргызстанда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду колдоо көрсөткөн 20 завод ишке берди. Фонд 2025-жылы өлкө экономикасына 225 миллион доллар инвестиция салып, эки миңге жакын жумуш орду түзүлгөн. Фонд ачылгандан бери Кыргызстанга салынган жалпы инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан ашкан. Каржы мекемесинин ишмердүүлүгү тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков маалымат берди.