АКШнын Иранга киргизген жаңы бажы алымынын Кыргызстанга да тиешеси болушу мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен соода-сатык жүргүзгөн мамлекеттерге 25 пайыздык бажы алымын киргизерин жар салды. Бул өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар.
2025-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстан Ирандан 35 миллион долларга товар (боек, тоо-кен техникасы жана балык) алган.
Ал эми Иран Кыргызстандан чыккан продукцияга 30 миллион доллар сарптаган. Негизинен төө буурчак менен пахта алганы айтылды.
Трамп Иранга чабуул коюу боюнча кадам таштоого ниеттенип турат