Бүгүнкү күндө балдар арасындагы кадимки уруш-талаш менен буллингди чаташтырган учурлары көп. Чынында, ар бир конфликт буллинг болуп эсептелбейт, анткени буллинг – бүтүндөй классты камтыган социалдык процесс. Анда бир бала агрессор, экинчиси жабырлануучу болуп, мындан тышкары активдүү жана пассивдүү байкоочулар да катышат. Буллингдин негизги белгиси анын узакка созулушу жана бир тараптуу зомбулуктун кайталанышы. Бул көйгөй менен күрөшүүдө ата-энелер балдарына эмоционалдык колдоо көрсөтүшү абзел. Мугалимдер болсо окуучулардын ортосундагы мамилелерге өз убагында кийлигишип, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүшү керек. Буллинг деген эмне, мектептерде анын кайсы түрү көбүрөөк кездешет жана ал көбүнчө кайсы куракта байкалары жөнүндө балдар психологу Айнек Муратбекова кеп кылды.