Кар жаап, күн кескин сууктайт. Бир аптага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет 19-январга чейин өлкөдө аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат жарыялады.
Анда синоптиктер 15-январь күнү көпчүлүк жерлерде күндүн көзү бузулуп, 16-17-январда мезгил-мезгили менен кар жаай турганын билдиришти.
Чүй, Талас облустары
12-январда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган күндөрү дыйканчылык аймактарда күн ачык болуп, 16-17-18-январь күндөрү көпчүлүк аймактарда кар жаашы божомолдонду.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактары
Өлкөнүн түштүк жергесинде апта башында жаан-чачын болбойт. 16-январдан тарта аптанын соңуна чейин көпчүлүк жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаай турганы айтылды. 18-январда түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Ысык-Көл чөлкөмүндө 16-январда жаан жаап, 17-январда көпчүлүк жерлерге кар түшөт. 18-январда күн ачык болот.
Суук күчүндө эле болот. Январдагы аба ырайынын божомолу