БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймактарында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -9...-14 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөт.