Нарын облусу боюнча электр кубатын колдонуунун лимити көбөйдү

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Нарында электр энергиясын керектөөнүн лимити жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Бийик тоолуу жана климаттык шарты катаал аймакта жашаган Нарын облусунун элинин кайрылуулары эске алынып, максималдуу жүктөм сааттарында электр энергиясын керектөө лимитин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынган.
"Натыйжада буга чейин белгиленген лимит 189 648 кВт/сааттан 264 312 кВт/саатка чейин жогорулатылды. Бул чечим өлкөнүн энергосистемасынын эң жогорку жүктөм мезгилинде туруктуу иштешин камсыздоого багытталган чаралардын алкагында кабыл алынды", – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда элдин, активисттердин электр кубатына коюлган чектөөнү ала туруу боюнча бийликке кайрылуулары да чыккан эле.
Министрлик аймакта 61 200 абонент бар экенин маалымдап, айтылган лимитке көтөрүү техникалык себептерден улам этап-этабы менен жүргүзүлө турганын билдирди.
Кеминде Садыр Жапаровдун катышуусу менен алгачкы күн электр станциясы ишке берилди