Өлкөдөгү эң көп айлыктын каякта экени айтылды. Аймактар боюнча маалымат

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2025-жылдын январь–октябрь айларындагы орточо айлык акы 42 919 сомду (492 доллар) түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылды.
2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу орточо маяна 19,2 пайызга, ал эми инфляцияны эске алуу менен эсептелген реалдуу айлык 10,4 пайызга өскөн. Эң жогорку жалыйна Бишкекте катталып, 54 618 сомду түзгөн (орточо алганда).
Аймактар боюнча орточо айлык акы төмөнкүдөй болуп чыкты:
Бишкек — 54 618 сом;
Ысык-Көл облусу — 46 261 сом;
Нарын облусу — 39 934 сом;
Талас облусу — 38 725 сом;
Ош шаары — 34 662 сом;
Жалал-Абад облусу — 34 633 сом;
Чүй облусу — 33 837 сом;
Баткен облусу — 31 461 сом;
Ош облусу — 26 914 сом.
Жапаров: апрелден тарта мугалимдердин айлыгы 100%га көтөрүлөт