11-январга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. 11-январь, жекшембиде, өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология кызматы таратты. Абанын температурасы күндүз Чүйдө +10...+15, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл аймагында +2...+7 градус болот. Нарын жергесинде күндүз -8...-13 градус суук боло турганы болжолдонду.
Термометр Бишкекте +13...+15, Ош шаарында +10...+12 градусту көрсөтөт.
Нарын облусу боюнча электр кубатын колдонуунун лимити көбөйдү