АКШ "Маринера" танкериндеги эки россиялык жаранды бошотмой болду

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. АКШ Москванын кайрылуусунан кийин “Маринера” танкериндеги эки россиялык жаранды бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
“Биздин кайрылуубузга жооп кылып, АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Атлантикадагы операциянын жүрүшүндө кармалган “Маринера” танкериндеги экипаждын курамындагы эки россиялык жаранды бошотуу боюнча чечим кабыл алды”, — деди Захарова.
АКШнын деңиз аскерлеринин күчтөрү 7-январда Москва убактысы боюнча саат 15:00дө Түндүк Атлантикадагы кемеге кирип келишкен. Андан кийин танкер менен байланыш үзүлгөн. Кемеге 24-декабрда Россиянын туусу менен убактылуу сүзүп жүрүүгө уруксат берилген.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Европадагы командачылыгы танкер АКШнын санкцияларын бузган деп кармалганын билдирген. Пентагондун башчысы Пит Хегсет окуя тууралуу комментарий берип жатып, Венесуэланын мунайына салынган санкцияны бөгөттөө дүйнө жүзү боюнча күчүндө каларын айткан.
Россиянын Транспорт министрлиги америкалык аскер кызматкерлери "Маринера" кемесин ачык деңизде кармап, БУУнун Деңизде жүрүү эрежелери боюнча конвенциясын бузушту деп белгилеген. РФ ТИМи Вашингтонду экипаждагы россиялык жарандардын мекенине кайтуусуна тоскоол болбоого, аларга гумандуу жана сый мамиле жасоого чакырды.
Андан мурдараак эле РФтин тышкы иштер ведомствосу Россиянын танкерлери Түндүк Атлантикадагы эл аралык сууда деңизде жүрүүнүн эл аралык ченемдеринин бардыгын сактап жүргөнүн маалымдаган. Ошондой эле Америка жана НАТОнун аскерлеринин кемеге карата чектен аша көңүл буруп жатышкандыгы белгилгенген.
ЖМК: АКШ Венесуэланын мунайын көзөмөлдөөнүн бир нече жылдык планын түзүүдө