БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймактарындагы жашоочуларына Тажикстандагы жер титирөө сезилди.
Жер түнкү саат 3:14тө силкингенин КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады. Очогу Ош облусунан 223 чакырым аралыктагы Мургабда жайгашып, магнитудасы 5,5ке жеткен.
Кыргызстандын түштүгүндө ал 3 балл болуп сезилди.