БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Талас облустарында 5…10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 7…12, Ысык-Көл жергесинде 2…7 жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -9…-14 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте 6…8, Ош шаарында 10…12 градуска көтөрүлөт.