БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Nestle компаниясы Кыргызстандагы соода түйүндөрүнөн балдар тамак-ашынын айрым партияларын артка кайтартууда. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Компания айрым продукцияларына цереулид уулуу затынын (Bacillus cereus бактериясынын айрым штаммдарынан пайда болот) кирип калышы ыктымалдыгына байланыштуу артка кайтарып жатканын айткан. Бул уулуу зат кайнатканда да жок болбой турганы маалым болду.
Артка чакыртылган продуктуларга NAN жана PRENAN бренди менен чыккан тез даярдай койчу кургак сүт азыктары, лактозасыз азыктар кирген.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти элди алган продукциясынын аталышын, чыгарылган ай, күнүн текшерип, эгерде ал чакыртылып жаткан продуктуга кирсе, расмий дистрибьютерге кайтарууну сунуштады.