БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт, ал эми түнкүсүн жана эртең менен республиканын көпчүлүк жерлерин туман капташы мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргыз гидрометеорология" кызматы билдирди.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Абанын температурасы Чүйдө 3…8, Талас облусунда 4…9, Ош, Жалал-Абад аймактарында 6…11, Баткенде 5…10, Ысык-Көл чөлкөмүндө 1…6 болуп, Нарын өрөөнүндө -9…-14 градустка түшөт.
Термометр Бишкекте 4…6, Ош шаарында 9…11 градусту көрсөтөт.