ЖМК: АКШ Венесуэладан РФ менен кызматташуудан баш тартууну талап кылууда

Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШ Венесуэланын жаңы бийлигинен Россия, Кытай, Иран жана Куба менен кызматташуудан баш тартууну талап кылууда. Бул тууралуу РИА Новости ABC телеканалына шилтеме берип жазды.
"Трамптын администрациясы Венесуэланын убактылуу президенти Дельси Родригеске мунай өндүрүүдөн биринчи Ак үйдүн талаптарын аткарышы зарылдыгын эскертти", — деп билдирген телеканал.
Алардын айтымында, Венесуэла Америка менен мунай боюнча өзгөчө өнөктөштүккө "моюн сунуп", мунай продукциясын сатууда биринчи Вашингтон менен иштешүүсү зарыл. Ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Каракас эки жуманын ичинде мунайдын запастарын сата албай, акчадан кыйналарын билдирген.
Өткөн ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, алардын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмдүн аскерлери өткөргөнүн белгилешкен.
АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдаган.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө чакырган.
Нью-Йорктогу сотто Мадуро жана анын жубайы тагылган айыптарды четке какты