Кыргызстан менен Сауд Арабия футбол тармагында кызматташат. Документке Ташиев кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргыз футбол уюмунун президенти Камчыбек Ташиев жана Сауд Арабиянын футбол федерациясынын башчысы Ясер Аль-Мисехал футбол тармагындагы кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.
Документ Сауд Арабиянын Жидда шаарында, U-23 Азия Кубогунун беттештери өтүп жаткан учурда түзүлдү.
Анын негизги максаты — Кыргызстанда футболду комплекстүү өнүктүрүү, эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү жана улуттук курама командалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Меморандумга ылайык, 2026–2027-жылдары эки өлкөнүн аялдар жана жаштар курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттештер өткөрүлөт.
Документ Сауд Арабиянын Жидда шаарында, U-23 Азия Кубогунун беттештери өтүп жаткан учурда түзүлдү.
Тараптар спорттук маалымат алмашуу, футболду башкаруу системасын өркүндөтүү, калыстар институтун өнүктүрүү, машыктыруучуларды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу жаатында алка түзүүнү макулдашты. Турнирлерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешип иш алып баруу боюнча да кеп болду.
"Кол коюлган меморандум Кыргыз футбол уюму үчүн эл аралык байланыштарды кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана улуттук футболдун бардык деңгээлде сапаттуу өсүшүн камсыз кылуу жолундагы маанилүү кадам болуп саналат", — деп билдиришти уюмдан.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев Сауд Арабияга жасаган иш сапарынын алкагында U-23 Азия Кубогунун оюндарын көрүүдө. Кечээ Кыргызстан курама командасы турнирдин кожоюндарына 0:1 эсебинде минималдуу айырма менен утулуп калды.
Кыргызстандын футбол командасынын жаңы машыктыруучусу тууралуу эмне белгилүү