БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Венесуэланын борборунда кандайдыр бир кагылышуу болгон жок. Бул тууралуу өлкө өкмөтүндөгү маалымат булак билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Каракаста президенттик сарайдын жанында болгон ок атышуу учкучсуз аппараттардан улам чыккан.
Буга чейин BNO News порталы президенттик сарайдын жанында атышуунун үндөрү угулганын кабарлаган. Ал эми Caracol радиостанциясы президенттик Мирафлорес сарайынын аймагында дрондорго карата активдүү ок атылгандан кийин өкмөттүк имараттарды эвакуациялоо башталганын маалымдаган.
Кийинчерээк ошол аймакка барган РИА Новости агенттигинин кабарчысы атышуу токтогонун, коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирген. Президенттик сарайга алып барган көчөгө тосмолор орнотулуп, бирок аскердик техника көрүнгөн эмес.
“Каракастын борборунда болгон окуя уруксатсыз учуп жүргөн дрондорго жана полициянын эскертүүчү ок атууларына байланыштуу. Эч кандай конфронтация болгон жок, өлкө толугу менен тынч абалда”, — деген маалымат булак.
Буга чейин социалдык тармактарда Каракастагы Мирафлорес президенттик сарайынын аймагында автоматтар менен атышканвидеолор, ошондой эле көчөлөрдө бронетехника жана куралчан адамдар көрүнгөн кадрлар тараган.