Кышында суук аба организмге жана териге кошумча кам көрүүнү талап кылат. Бул мезгилде иммунитетти бекемдөө үчүн витаминдерге бай азыктарды көп колдонуу абзел. Ошондо сасык тумоо жана башка жугуштуу ооруларга туруштук болот. Ошондой эле организмди сууктан коргоо үчүн жылуу кийим кийип, денени сууктан сактоо керек. Ал эми бет терисин кургап кетүүдөн жана шамалдан коргоо үчүн витаминдүү кремдерди пайдалануу дурус. Сууну көп ичүү жана терини нымдуу кармоо да маанилүү. Кышында активдүү жашоо жана жеңил көнүгүүлөр организмдин тонусун сактоого жардам берет. Ошентип, туура кам көрүү аркылуу организмди жана бетти саламаттыгын сактоого болот. Бул тууралуу кененирээк “Көз мончок” программасынан тыңдаңыздар.