“Социалдык жана жеңилдетилген ипотека (жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, камкорчулар, бюджеттен айлык алгандар) багыттары боюнча жылдык 4 % менен 25 жылга алгачкы төлөмсүз алышат. Ал эми “арзан ипотека” (жеке тармакта иштеген жарандар) багыты боюнча жылдык 8% менен 25 жылга алгачкы төлөмсүз алышат. “Үлүштүк курулуш” механизми боюнча батирдин 1 чарчы метринин баасы жайгашкан аймагына жараша 1 000 доллардан 1 400 долларга чейин (толук бүткөн) болууда. Шаар четиндеги райондордо баа төмөнүрөөк болсо, “элитный” жана “алтын квадрат” деп аталган борбордук аймактарда жогору болот”, — деген өлкө башчы.
“МИКтин объектилери “под ключ” системасында, толук бүткөрүлгөн абалда кыйла жеткиликтүү баада сунушталууда. МИК батирлердин өздүк наркына бир аз акча кошууга аргасыз. Антпесе азыркыдай масштабдуу курулуштарды жасай албайт элек. Кезекте туруп батир алгандардын да, кезексиз жарым акчасын дароо төгүп үлүштүк негизде батир алгандардын да акчалары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн башка жаңы объектилерди улантуусуна жардам болууда”, — деген президент.