БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Вольфганг Ишингер АКШнын Венесуэладагы аракеттери Россия Украинадагы абалга кийлигише албайт деген аргументтерди жокко чыгарууда деген оюн айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Эгерде азыр АКШ БУУнун мандатысыз эле Венесуэладагы абалга кийлигишип жатса, анда Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешин чакыртпай туруп Украинадагы абалга кийлигишпеши керек болчу деген аргументтер өзүнүн саясий дагы, эл аралык-укуктук дагы баалуулугун жоготот, туурабы?" — деп жазган Ишингер Х соцтармактагы баракчасына.
Ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмдүн аскерлери өткөргөнүн белгилешкен.
АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдап, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү өтүндү, ал 5-январда болот.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө, Венесуэланын айланасында болгон окуялардын курчуп кетишине жол бербөөгө чакырган.